Садыр Жапаров Берлинде өтчү «ФРГ — Борбор Азия» саммитине катышат

Президент Садыр Жапаров 29-сентябрда Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган «ФРГ — Борбор Азия» саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Анын айтымында, Жапаров федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, экономикалык кызматташууну кеңейтүү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.
«Сапардын алкагында Садыр Жапаров менен Борбор Азиянын башка лидерлери Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле «Германия экономикасынын Чыгыш комитети» ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышат», — деди Азымбакиев.