Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жаңы чекке жетти

Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү жаңы чекке жетти. “Электр станциялар” компаниясынын соңку маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы резервуарында учурда 9 миллиард кубометрден ашык суу топтолду.

 

Өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу, бул дээрлик 1 миллиард метр кубка көп. Суунун орточо секундалык агып кириши 1 миң 590 кубометр болсо, чыгымы – 144 кубометрге барабар.