Бишкектин айрым жерлеринде 5 күн бою газ болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаз» шаардык газ кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-майдан 26-майга чейин ордо калаанын Фере – Мусоргский көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан жер астындагы орто басымдагы газ өткөргүчүндө жаратылыш газынын сызылып агышын жоюу боюнча оңдоо иштери жүргүзүлөт.
Буга байланыштуу Саадаев, Жапаров, Республиканская (Ала-Арча дарыясы), ЧЧК, Дачная көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында жаратылыш газы өчүрүлөт
.
«Бишкекгаз» бул убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.