Токтогул суу сактагычында былтыркыдан 1 млрд 200 млн метр кубга көп суу бар

Учурда Токтогул суу сактагычында 13 млрд метр кубдан көп суу топтолду. Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 млрд 200 млн метр кубга көп.

 

Министр ишендиргендей, кышында жарык үзгүлтүксүз берилет, бирок жөнгө салуу иштери жүргүзүлүп турат. Тагыраагы, тармакка ашыкча жүк келген учурда электр энергиясы бир-эки саатка өчүрүлүшү мүмкүн.

 

Белгиленгендей, бул трансформаторлорду ысып кетүүдөн коргоо үчүн зарыл.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.