Дүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСине 5 миллион доллар бөлөт. Жогорку Кеңеш тиешелүү макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда карап, кабыл алды. Каражат гидроэлектростанциянын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгууга жумшалат.
Сумманын 3 миллион доллары жеңилдетилген насыя болсо, калган 2 миллион доллар көп тараптуу донордук грант түрүндө берилет.
Эске салсак, ГЭСтин курулушу 2028-жылы аяктайт деп пландалган. Ал ишке кирсе, жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт.