Бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет

Кыргызстанда бүгүнтөн тарта энергетика тармагына үч жылга өзгөчө кырдаал режими киргизилет. Бул чара ири энергетикалык объектилерге жер берүүнү жөнөкөйлөштүрүү жана аларды курууну тездетүү максатында кабыл алынган.

 

Мындан тышкары, эми энергетика компаниялары жабдууларды тендерсиз эле бир булактан сатып ала алышат.

 

Республикада жети ири гидроэлектростанция жана эки жылуулук станциясы бар. Кубаттуулуктун жетишсиздигинен бийлик бир нече жылдан бери электр энергиясын импорттоп келет.