Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилди

Кыргызстанда күйүүчү майды маркалоо системасы расмий ишке киргизилди. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, импорттолуучу жана өндүрүлгөн күйүүчү-майлоочу материалга молекулярдык маркерлер колдонулат.

 

Ал эми жаңы жылдан тарта маркасы жок бензинди жана дизель майын сатууга тыюу салынат.

 

Молекулярдык маркер күйүүчү майдын структурасына кирип, жуулуп кетпейт. Бул системаны ишке киргизүү күйүүчү-майлоочу материалдын мыйзамсыз жүгүртүүсүнө бөгөт коюп, рынокто күйүүчү майдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.