Жол эрежесин бузуу үчүн салынган айып пулдарга кошулган туумдарды алып салуу сунушталды

Кыргызстанда жол эрежесин бузуу үчүн салынган айып пулдарга кошулган туумдарды алып салуу сунушталды. Ички иштер министрлигинин тиешелүү мыйзам долбоору парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде биринчи окууда жактырылды.

 

ИИМдин орун басары Эркебек Аширхожаев мындай өзгөрүүгө жарандардан түшкөн кайрылуулар, өлкөдөгү социалдык абал себеп болгонун билдирди.