Бишкекте ысык суу 22-майда бир айга өчүрүлөт

Бишкекте ысык суу 22-майда бир айга өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койду.

 

Жыл сайын  жылуулук тармактарын оңдоо жана кийинки жылуулук сезонуна даярдоо иштерине байланыштуу май айында ысык сууну берүү бир айга токтотулат.