Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө

Кыргызстанда автобекеттер оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, “Ысык-Көл автобекети» филиалынын Түп автокассасынын аймагына автобустар жөнөтүлүүчү перрон курулуп, колдонууга берилди.

 

Каракол автобекетинин аймагын көрктөндүрүү, асфальт төшөө, бордюрларды, орнотуу жумуштары аткарылууда.

 

Ал эми “Нарын автобекети” филиалынын Ат-Башы автостанциясынын аймагы темир тосмо менен тосулду. Андан тышкары, Бишкектеги Батыш автобекетинин имаратынын чатыры алмаштырылып, бекеттин аймагында асфальт төшөө иштери жүрүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.