Кыргызстанда пияз экспорту 2,4 эсе өстү

Кыргызстанда пияз экспорту 2,4 эсе өстү.

 

Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат. Ушул жылдын январынан апрель айына чейин аталган жашылча 2,6 миллион долларга сатылган.

 

Жалпысынан экспорттолгон көлөм 11 миң тоннадан ашат. Басымдуусу Афганистанга, Беларуссияга жана Германияга сатылды.  Эске салсак, былтыр Өзбекстан менен Пакистанда түшүм жакшы болбой, импорттун көлөмүн көбөйтүшкөн. Бааны ооздуктап, дефицитти алдын алуу үчүн Өзбекстан, Кыргызстан жана Казакстан пияздын экспортуна тыюу салган.