Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берсе болот

Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Жаңычылдыкты Novosti.kgге Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев түшүндүрдү:

 

“Бул кандай болот? Мисалы, Баткен облусунун Самаркандек айылынын тургуну убактылуу Бишкекте жүрөт. Ал өзүнүнүн айылынын келечегине кайдыгер карабайт, шайлоого катышам дейт. Ошондой жарандарыбызга ар бир облус борборлорунда – Бишкекте, Ошто, Нарында, Караколдо, Таласта, Жалал-Абадда бирден участок уюштурдук. Ошол жерге келип, мен дистанттык добуш берем деп алдын ала каттоодон өтөт.”

 

Кошумчаласак, бул жолу ар бир тилкеге видеокамера да коюлат. Эске салсак, өлкөдө жергиликтүү кеңештерге шайлоо ушул жылдын 17-ноябрында болот.