Жогорку Кеңеш президентке Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун жөнөттү

Жогорку Кеңеш президентке министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматынан бошотуу сунушун жөнөттү.
Чечимди 72 депутат колдоп, үчөө каршы болгон.
Эскерте кетсек, Эдил Байсалов менен депутаттардын ортосундагы пикир келишпестик өкмөт мүчөсүнүн парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынындагы сөзүнөн кийин башталган. Ал «парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү мүнөздө гана экенин» айтып, депутаттарды сындаган болчу.
Парламенттин бүгүнкү жыйынында айрым депутаттар Байсаловго кине коюп, кээси аны мамлекеттик чыккынчылыкка да айыптады. Натыйжада эл өкүлдөрү ЖК төрагасынан Байсалов боюнча чара көрүүнү талап кылган.