Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоого байланыштуу жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Өзбекстандын Фергана шаарында өттү.
Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу укуктук жана техникалык документтердин долбоорлорун мындан ары бекитүүгө даярдашты.
Ошондой эле чек аранын айрым участокторун жер-жерлерде изилдөө графиги макулдашылды.
Иш-чаранын жыйынтыгында протоколго кол коюлду.
Кийинки жолугушуу Кыргызстандын аймагында өтөт.