Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 31-декабрда аяктайт

Активдерди ыктыярдуу декларациялоо мөөнөтү 31-декабрда аяктайт.

 

Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан эске салышкандай, бул убакытка чейин мүлктү жана кирешени расмий экономикага ачыктаса болот.

 

Ал үчүн атайын легалдаштыруу механизми иштелип чыккан. Белгилеп кетсек, кеп физикалык жактардын 2023-жылдын 1-январына карата ээлик кылган активдери тууралуу болуп жатат. Алсак, алар башка адамдарга катталып, өлкөдөн чыгарылса, аны мыйзамдуу түрдө легалдаштырууга мүмкүнчүлүк берилүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.