Кыргызстанда ички дүң өнүм дээрлик 4 пайыз өстү

Кыргызстанда ички дүң өнүм дээрлик 4 пайыз өстү. Жылдын биринчи кварталында өлкөнүн негизги экономикалык көрсөткүчтөрүндө жалпысынан өсүш болгонун Улуттук статистика комитети билдирди.

 

Маалыматка ылайык, ИДП өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 3,9 пайыз жогорулап, 453 миллиард сомдон ашты. Мындай өсүш негизинен товардык өндүрүштүн жана тейлөө тармагынын эсебинен болгону белгиленди.