Евразиялык банк Кыргызстанда 9 мектеп курат

Евразиялык банк Кыргызстанда 9 мектеп курат. Парламенттин бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети тиешелүү мыйзам долбоорду жактырды.

 

Макулдашууга ылайык, донор гранттын эсебинен мектеп имараттарын куруп, аларды материалдык-техникалык жактан камсыздап, аларды Кыргызстанга өткөрүп берет. Ал эми биздин өлкө өз кезегинде долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн бардык тараптан колдоо көрсөтөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.