Кыргызстанда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот

Кыргызстанда мамлекеттик туунун сүрөтү түшүрүлгөн бардык расмий документтер мөөнөтү аяктаганга чейин жарактуу болот. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин корутундусунда жазылат.

 

Ошондой эле автоунаалардын номерлери, унааны каттоо күбөлүгү аларды алмаштыруу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдын чечими чыкканча жарактуу.

 

Эске салсак, кечээ Жогорку Кеңеш тууну өзгөртүү мыйзам долбоорун талкуусуз чукул кабыл алды. Эми ага президент кол коюшу керек.