Киров суу сактагычында абал өзгөрө элек

Киров суу сактагычында абал өзгөрө элек. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги аталган суу сактагычта абал дагы деле курч экенин билдирди.

 

Маалыматка ылайык, былтыр суунун агып кириши секундасына 13,7 куб метрге жеткен болсо, учурда 0,7 куб метр гана болууда.

 

Буга чейин Айыл чарба министрлиги Таластагы Киров суу сактагычында 14,5 млн. куб метр суу калганын, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 92 млн. куб метрге аз экенин билдирген.