Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан акы алуу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү

Кыргызстанга ташылган күйүүчү майдан акы алуу жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өттү. Документке ылайык, өлкөгө ташылып келген күйүүчү-майлоочу майдын литринен бир сомдон салыктык эмес жыйымдар алынат. Чогулган каражат жалпы колдонуудагы жолдорду оңдоого жана өнүктүрүүгө, жол инфраструктурасын жакшыртууга багытталат.

 

Буга чейин Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, өлкөгө жылына 1 миллион 700 миң тоннадан ашык күйүүчү май ташылып келет жана анын ар бир литринен бир сомдон алынганда, Жол фондуна 1 миллиард 700 миллион сом түшөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.