Кыргызстанда мугалимдердин 86% аялдар түзөт

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда мектептерде сабак берген мугалимдердин жалпы санынын 86% аялдар түзөт. Алардын 5% директор жана директордун орун басары болуп иштейт.

Ушул тапта өлкөдө 5 миңге жакын бала бакча, мектеп, жогорку окуу жай, орто жана жогорку кесиптик билим берүү мекемелери бар жана анда 118 миңге жакын педагог эмгектенет.

 

Орто мектептерде 90 миңден ашык мугалим иштесе, анын ичинен 30 миңден көбү шаарларда, 63 миңден ашууну айыл жерлеринде эмгектенет. Мектептерде мугалимдердин иш жүктөмү жогору бойдон калууда. Жалпы билим берүү уюмдарында бир мугалимге орточо 16 окуучу туура келет. Шаардагы мектептерде бир мугалимге 19 окуучу туура келсе, ал эми айылдарда 14 окуучу болот.

 

Жыл сайын 5-октябрда дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө Мугалимдер күнү белгиленет. Мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген.