Быйыл биринчи класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат

Быйыл биринчи класска 2016-жылы төрөлгөн балдар барат.

 

Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, Кыргызстан мектептеринде 12 жылдык окутуу системасы киргизиле элек, андыктан, мектепке даярдоо классы азырынча кала берет.

 

Баласы 7 жашка чыкса, ата-эне электрондук система аркылуу катталышы керек. Эске салсак, министрлик өткөн жылы мектептерде 12 жылдык окутуу системасын киргизүүнү сунуштаган. Бул учурда нөлүнчү класс жоюлуп, балдар дароо биринчи класска кабыл алынмак.