Жаңы жылдан тарта окуучулардын тамагы үчүн 14 сом бөлүнөт

Кыргызстанда башталгыч класста окуган балдардын бир маал тамагын мектепте уюштурууга мамлекеттен ар бир окуучуга бөлүнүүчү акча 14 сом болот. Бул тууралуу 25-декабрда Билим берүү жана илим министринин орун басары Муратбек Касымалиев Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде билдирди.

Айрым депутаттар бул акчанын өтө эле аздыгына нааразылыгын айтышты. Депутат Айбек Маткеримов өкмөт буга чейин балдардын ысык тамагына бөлүнүүчү акчаны 20 сомго чыгаруу тууралуу айтылганын эскертти.

«Биз депутат болуп келгенден тартып эле окуучулардын тамагынын акчасын көбөйтөбүз деп эле убада берип келе жатасыңар. Депутаттар мектептерди кыдырып, балдардын тамагын текшерип, көргөндөн кийинки талкууда балдардын тамагына 20 сом бөлүнүшү керек деген бүтүм чыгарып, депутаттык тапшырма да бергенбиз. Бирок бүгүнкү күнү 14 сом деп жатасыздар? 14 сомго бүгүн эмне келет?» — деген депутат акчанын аздыгынан окуучуларга эптемей тамактар берилип жатканын айтып кетти.

Министрдин орун басары бүгүнкү күнү да окуучуларга күнүнө 7 сомдон эле бөлүнүп келе жатканын айтып, 20 сом тууралуу мурда укпаганын билдирди. Ал эми экономика министринин орун басары Жибек Дүйшеева 2024-жылы 14 сомго, 2025-жылы 19 сомго көтөрүү сунушталганын маалымдады.

«Министрлер кабинетинде балдарга берилүүчү тамактын калориялуулугун саналып, бир балага бир маал тамагы үчүн 19 сом жетери аныкталган. Бул суммага улам бир баскыч менен эки жылда жетүүнү көздөп жатабыз», — деди Дүйшеева.

Депутат Эрулан Көкүлов балдардын тамагына 20 сом да жетпесин айтып, министрлердин орун басарларынан өздөрүнүн балдарынын эртең мененки тамагына 20 сом жетерин сурады.

Башталгыч класстын окуучусунун тамагына деген акчаны 7 сомдон 20 сомго көбөйтүү пландалып жатканы былтыр да айтылган.

“Мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын уюштуруу жөнүндө” жобо 2006-жылы кабыл алынган. Бул багытта өкмөткө эл аралык уюмдар да жардам беришет.