Таласта 11 беш кабаттуу ипотекалык үй курулат

Таласта 11 беш кабаттуу ипотекалык үй курулат. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан маалым болду.

 

Белгиленгендей, турак жайлар Алымкулов көчөсүндө жайгашат. Жалпысынан 310 батир болот.

 

Бүгүнкү күндө бардык 11 блоктун котлованы даярдалды. Учурда лабораториялык текшерүүлөр жүргүзүлүп жатат, андан соң курулуштун кийинки этаптары уланат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.