“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларынын басымдуусу тигүү цехтерин ачкан

“Социалдык келишим” долбоорунун катышуучуларынын басымдуусу тигүү цехтерин ачкан. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги программанын катышуучулары кандай бизнестерди ачканын тизмектеди.

 

Долбоор 2022-жылы башталган.

 

Андан бери ага республикалык бюджеттен 3 миллиард сомдон ашык бөлүнгөн. Бул каражатка өлкө боюнча 144 бал челек, 28 күнөскана,  79 канаттуулар фермасы, 1миң 886 тигүү цехи, 36 курулуш материалдарын чыгарган цех, самын чыгарган 24 цех, 46 тамак-аш азыктарын жасаган цех ачылган.  Катышуучулардын 295и унаа ташуу менен, 250сү нан жана кондитердик азыктарды бышыруу менен алектеништи.