Айдоочуларды камсыздандыруу полисинин (ОСАГО) баасы канча?

Учурда Кыргызстанда 10 камсыздандыруу компаниясы айдоочуларга полис берип жатат.

Алардын бирөө мамлекеттик болсо калганы жеке менчик ишканалар.

ОСАГОнун баалары боюнча Novosti.kgге Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова айтып берди:

“Базалык ставка 1 миң 680 сомдон башталат.

Ага коэфициенттер кошулат.

Биринчиден,  унаанын тибине жараша, экинчиден айдоочунун тажрыйбасына жана жашына карап эсептелет.

Анан камсыздандыруу мөөнөтүнө жараша болот.

Жарандар 5 күндөн 1 жылга чейин унаасын камсыздандыра алышат.

Орто эсеп менен бир транспорт каражатына 2000-2500 сомдон айланып калат”.

Айдоочу жол кырсыгына кабылбаса, эреже бузбаса кийинки жылы полис арзан берилет.

Тескерисинче болсо, баа кымбаттайт.