ОСАГО албаган айдоочуларга айып пул салынат

Кыргызстанда айдоочулар 1-январдан тарта камсыздандыруу полисин алууга милдеттендирилди.

Бул талапты аткарбаган унаа ээлерине апрелден баштап айып пул салынат, — деп билдирди Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын камсыздандыруу бөлүмүнүн жетекчиси Тахмина Камчыбекова:

“Бардык автоунаа ээлери 1-апрелге чейин унаасын камсыздандыруусу керек.

Болбосо 3 миң сом айып салынат.

Ошон үчүн унаа ээлеринен суранып кетет элек, МАИ кызматкерлери полисти текшерген сайын каражат төлөп убара болбой, бир жылга 2 миң сом төлөп өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырып койсо болот”.

ОСАГО алуу үчүн унаа ээлеринен паспорт, техпаспорт жана айдоочулук күбөлүк талап кылынат.

Камсыздандыруу компанияларынын тизмеси менен Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайтынан таанышууга болот.