Бишкектеги жылынуучу жайлар аба ырайынын жылышынан улам жабылууда.
Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, түйүндөр ачылган күндөн тартып жалпысынан 6 миңден ашык жаран кайрылган.
Эске салсак, ордо калаада 12 чатыр тигилген.
Алардын ар биринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин бир кызматкери нөөмөттө турду.
Чатырларда тургундар жылынып, ысык чай ичип алууга мүмкүн болду.