Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду

Айсулуу Тыныбекова 6-ирет Азия чемпиону болду.

 

Ал Бишкекте өтүп жаткан Күрөш боюнча Азия чемпионатынын финалында япониялык балбан Сакура Мотокини 9:6 эсебинде утту. Чечүүчү беттешке чейин Тыныбекова Кореядан жана Монголиядан келген атаандаштарын жеңип алган.

 

Айсулуу Тыныбекова 2016, 2017, 2019, 2021, 2023-жылы Азия чемпиону болгон.