Кыргызстанда айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер бул жолу күрөө койбойт. Жаңы мыйзамга ылайык, шаардык кеңештер үчүн шайлоо босогосу жетиден беш пайызга төмөндөтүлдү. Мындай чечимдин себебине БШКнын мүчөсү Узарбек Жылкыбаев токтолду:
“Ар кандай саясий күчтөрдүн кеңеште өкүлчүлүгү болсун дедик. Мисалы, кээ бир партиялар 6-6,5 пайыз алып өтпөй калчу да. Анан элдин өкүлдөрү көп болсун деп босого 5 пайызга түштү. Негизи көп мамлекеттерде, демократиялуу коомдо шайлоо босогосу 3-5 пайызды түзөт.”
Эске салсак, буга чейин айылдык кеңештин депутаттыгына талапкер болуу үчүн күрөө катары 1 миң сом төлөө керек болчу.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.