Бишкектеги ШКУ жыйынында 14 документке кол коюлду

Бишкекте өтүп жаткан Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кезектеги жыйынында 14 документке кол коюлду.

 

Алар көп тараптуу соода-экономикалык кызматташтык программасын жүзөгө ашыруу иш-чаралары боюнча баяндама, уюмдун ишин уюштуруу, бюджети жана каржылык эрежелери, уюмга мүчө өлкөлөрдүн темир жол мекемелеринин иш-чаралар планы, тышкы экономикалык жана тышкы соода ишмердигине жооптуу мекемелердин санариптик соода чөйрөсүндөгү кызматташуу келечегин изилдөө демилгеси боюнча документтер.