Кыргызстанга Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов келди

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Кыргызстанга келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.

 

«Манас» аэропортунан өзбек өкмөтүнүн жетекчисин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тосуп алды.
Арипов ШКУнун өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына, КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйынына жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышат.