Акматбек Келдибеков Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясынын президенттигинен кетти.

Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна федерациянын вице-президенти Улан Молдодосов билдирди.

 

«Акматбек Келдибековичтин мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу аткаруу комитети ушундай чечим чыгарды. Жакынкы күндөрү шайлоо болот», — деди Улан Молдодосов.

Акматбек Келдибеков Кыргызстандын Оор атлетика федерациясын дээрлик 15 жыл башкарды. Ал алгачкы жолу бул кызматка 2009-жылы келип, андан кийин 2012-жылы, 2017-жылы жана 2021-жылы кайра шайланган. Федерациянын президенти төрт жылдык мөөнөткө шайланат.