Оштогу «Жапалак» унаа базарынын айланасы жакшыртылат

Оштогу «Жапалак» унаа базарынын айланасына заманбап шарттары менен жашылча, мөмө-жемиштер жана унаа тетиктерин саткан жай менен логистикалык борбор ачуу пландалууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, учурда аталган базардагы жол тыгынын азайтуу максатында кошумча үч жол ачуу каралууда. Тагыраагы, Бекмамат Осмонов көчөсүнөн Бирлешкен айылына чейин, Осмонов көчөсүнөн Амир-Тимур көчөсүнө чейин жана Бирлешкен айылынан Жапалак айыл аймагынын Гүлбаар-Төлөйкөн айылына чейин жол болот.