Ала-Тоо аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү

Ала-Тоо аянтында бийиктиги 100 метр болгон туу көтөрүлдү. Салтанаттуу иш-чарага өлкө башчы Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, гимн жаңырды.

 

Туунун узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесинин алкагында 100 метр, ал эми желектин туурасы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.