Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркеме ишке киргизди

Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясы мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

 

Авиакомпания жакынкы күндөрү жүргүнчүлөрдү тейлеп баштайт. Буга байланыштуу атайын мобилдик тиркемесин иштеп чыкты, аны жарандар көчүрүп алып, каттамдар жана билеттин баалары тууралуу маалымат алса болот.

 

«Мамлекеттик “Асман аба жолдору” авиакомпаниясына сатып алынган алгачкы Bombardier Dash 8 Q400 үлгүсүндөгү учак сентябрь айынын башында келет. Экинчи учак ушул жылдын октябрь айында, кийинкиси 2025-жылдын жазында каттамга коюлат», — деа айтылат маалыматта.

 

Эске салсак, авиакомпаниянын тиркемесинде билет баалары 2 миң сомдон башталат. Ички каттамдар боюнча учактар Жалал-Абад, Талас, Ош, Бишкек, Раззаков, Казарман, Баткенге учат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.