Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу

Кыргыз-казак чек арасында абал туруктуу. Чек ара кызматынан билдиришкендей, жүк ташуучу унаалардын топтолуусу “Ак-Тилек” өткөрүү түйүнүндө гана катталууда.

 

Жеринде учурда 140тай машине кезекте турат.

 

“Кең-Булуң”, “Чалдыбар” жана “Чоң-Капка” пункттарында тыгын жок. Эске салсак, кыргыз-казак чек арасында жүк ташуучу унаалардын узун кезеги 20-августтан тарта катталып баштады. Жалпысынан коңшу өлкө аймагына өтүү үчүн кезекте турган унаалардын саны 600дөн ашкан.