Баткен облусунда 300дөн ашык ишкер жеңилдетилген насыя алды. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражат “Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо — 2” долбоорунун алкагында берилген.
Жалпы суммасы 290 миллион сомдон ашат. Ведомстводон эске салышкандай, программа ушул жылы Баткен облусун өнүктүрүү жана жеке ишкерлерди колдоо максатында ишке кирди.