Австрия калкына карата туристтердин санынын көптүгү боюнча рекорд койду

Австрия калкына карата туристтердин санынын көптүгү боюнча рекорд койду. Бул өлкөгө саякаттоого келгендердин саны жергиликтүү калкка салыштырмалуу, 3 эсе көп.

 

Британиялык аналитиктердин эсептөөсү боюнча, ар бир австрия тургунуна 3-4 турист туура келет. Альп өлкөсүнө жыл сайын 32 миллиондой адам келсе, Австрия калкынын саны болгону 9 миллион адамды түзөт.

 

Эс алуучулардын көбү Вена шаарына саякаттайт. Борбор шаар ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине кирип, туристтерди тарыхы, өзгөчө архитектурасы жана кооз объектилери менен кызыктырат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.