WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу

WhatsApp мессенджеринде кезектеги жаңылануу. Эми белгисиз номерлерден чалуулар автоматтык түрдө өчүрүлүп турат. Бул тууралуу Мета компаниясынын башчысы Марк Цукерберг билдирди.

 

Функция учурда бардык колдонуучулар үчүн жеткиликтүү. Аны иштетүү үчүн настройкиден “чалууларды” тандап, “Белгисиз номерлерди басып салуу” опциясын тандоо керек.