Улуу Британияда аукциондо чөгүп кеткен “Титаник” кемесинде аман калган жүргүнчүнүн каты сатылды

Улуу Британияда аукциондо чөгүп кеткен “Титаник” кемесинде аман калган жүргүнчүнүн каты сатылды. Аны 19 миң долларга сатып алышты. Каттын автору лайнерде болгону бир күн болгон.

 

Өз көзү менен көргөндү ал кыздарына жазган. Алсак, катта “Титаник” башка кеме менен сүзүшкөнгө аз калганын айтып берген. Эгер кагылышуу болсо, анда легендарлуу кеме айсбергге кабылбайт болчу, — дешет адистер.