Бүгүн, 31-август – Кыргызстандын эгемендигинин 33 жылдыгы белгиленип жатат. Жогорку Кеңеш 1990-жылдын октябрында өлкө аталышын Кыргыз Республикасы деп өзгөртүп, 15-декабрда Эгемендик декларациясы кабыл алынган. 1991-жылдын 31-августунда өлкөнүн Эгемендик күнү жарыяланган.
Быйыл андан тышкары Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнө 100 жыл болду. Эгемендик күнүнө карата Бишкектин Ала-Тоо аянтында негизги майрамдык иш-чаралар өтөт. Ошондой эле аймактарда да оюн-зоок иш-чаралар уюштурулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.