Кыргызстанда эми өзгөртүлгөн туу колдонулат

Кыргызстанда эми өзгөртүлгөн туу колдонулат. Мыйзам күчүнө кирди. Ага ылайык, мындан ары Кыргызстандын туусундагы түндүк 4 чамгарактуу болуп, күндүн нурлары түз тийген формада желбирейт.

 

Ошондой эле өзгөртүлгөн мыйзамда мамлекеттик туу түшүрүлгөн документтер жана унаалардын номерлери жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин колдонулары жазылган.

 

Эске салсак, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча сунушту Жогорку Кеңештин спикери Нурлан Шакиев көтөргөн. Бирок кийин демилге президент Садыр Жапаровго таандык экени белгилүү болду.