Бүгүнтөн тарта Бишкек – Ташкент – Бишкек аба каттамы аткарылып баштайт. Рейстерди кыргызстандык авиакомпания ишке ашырат.
Өзбекстандын борбор шаарына учактар жумасына 4 жолу – шейшемби, шаршемби, жума жана ишемби күндөрү каттайт.
Жакын арада Ош – Ташкент – Ош каттамы кое берилет деп пландалууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.