Баткен облусунда Урмезан-3 көмүр кени ишке кирди. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун баасы 3 миллион долларды түздү.
Аймактын тургундарын жеткиликтүү баада кара отун менен камсыздоо максатында кенди мамлекеттик компания иштетет.
Учурда 26 адам жумуш менен камсыздалды. Кендин жалпы аянты 5 гектарды түзөт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.