Баткен районунун эки айылында селден кийинки калыбына келтирүү иштери аяктады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жумуштар Ак-Татыр жана Самаркандек айылдарында толугу менен бүткөрүлдү.
Учурда аталган аймактарда сел өткөрүүчү сайдын нугун тазалоо жана кеңейтүү иштери жүрүп жатат.
Эске салсак, 10-июлда жааган нөшөрлүү жаандан Баткен районунун айылдарын сел каптап, 150гө чукул тургун эвакуацияланган.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.