УКМК Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыялады

УКМК «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройго издөө жарыялады.

 

Мекеме тараткан маалыматка караганда, Азим Рой — мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Россия Федерациясынын жараны.

 

К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылды.

 

Азим Ройдун жүргөн жери тууралуу маалымат болсо, КР УКМКнын төмөнкү номерлерине чалса болот: 0312 66-04-75, 0312 62-65-04.