Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө

Бишкекте тыюу салынган буюмдарды өрттөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер жүрүүдө.

 

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын алкагында өткөн жумада 38 мончо жана сауна текшерилди. Текшерүүнүн жүрүшүндө тигүү калдыктарын, резина жана пластмассаларды мыйзамсыз өрттөө фактылары аныкталган жок.

 

Белгилеп кетсек, жыл башынан бери экологияны жакшыртуу максатында 198 рейд жүргүзүлүп, жыйынтыгында жалпы суммасы 478 миң сомдук 41 протокол түзүлгөн.