Жаңы окуу жылын утурлай республика боюнча билим берүү мекемелерин өрт коопсуздугуна текшерүү башталды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, инспекторлор 2 миңден ашык мектепти жана 500 бала бакчаны текшерет.
Биринчи кезекте алар автоматтык өрт сигнализациясынын иштешин, электр жабдууларынын ишке жарамдуулугун, өрт өчүрүүчү каражаттардын жана эвакуация жолдорунун болушун көзөмөлгө алышат.