Билим берүү министрлиги мектептердеги техникалык кызматкерлердин айлыгын эки эсе көтөрүүнү сунуштайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Бекжан Супаналиев билдирди.
Анын айтымында, учурда техперсоналдын маянасы 5 миң 600дөн баштап, 11 миң сомго чейин. Айлыкты жогорулатуу боюнча сунуш Каржы министрлигине жөнөтүлдү, маселе учурда каралууда.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.